КМУ КР Аялдар футбол ассоциациясы менен кызматташат
Бүгүн, 7-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын Аялдар футбол ассоциациясынын (КР АФА) өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков, КР АФА президенти Салтанат Эгембердиева, вице-президенти Эльнура Осмоналиева жана техникалык директору Светлана Кашуба катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.
Бул келишим студенттерге жана жаш кыздарга спорттук карьераны өнүктүрүү жана ийгиликтерди жаратуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.