КМУ Малайзия мамлекетинин Эл аралык Ислам университети менен кызматташат
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Равшан Зайниев, Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев Малайзия мамлекетинин Эл аралык Ислам университетинин профессору, доктор Азрул Азлен мырза, өкүлү Сайид Хусейн аль-Хабший, доктор Бадри Нажиб бин Зубайр мырза жана Сити Асия Ибрахим айым менен жолугушту.
Бул жолугушууда кызматташып жаткан Малайзия жана Кыргызстандын университеттери ортосунда илим боюнча байланыштарды күчөтүү жана академиялык мобилдүүлүк боюнча алакаларды өнүктүрүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында профессор, доктор Азрул Азлен мырза Теология факультетинин PhD докторантура, магистратура, бакалавр студенттерине Малайзия мамлекетинин Эл аралык Ислам университетинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ошондой эле, профессор Ащрул Азлен конок-лекциясында жаштардын бүгүнкү заманда илимге, билим алууга умтулуусуна зор маани берүү экендигин белгиледи.