Blog Image

КМУ менен Болашак университети ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева жана Болашак университетинин (Кызылорда шаары, Казакстан Республикасы) ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Умирбек Умбетов 2 тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Түзүлгөн меморандумдун негизги максаты:
1. Билим берүү тармагында өнөктөштүк мамиле түзүү.
2. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
3. Узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу.
4. Алмашуу программаларын өнүктүрүү.
Бул келишимдин негизинде эки университет билим берүү, илимий изилдөөлөр, окутуу, академиялык мобилдүүлүк жана башка кызматташуу багыттарында терең интеграция, Борбордук Азиядагы башка жогорку окуу жайлардын тажрыйбасын жана ресурстарын эффективдүү пайдаланууга ниетин билдиришет.

Позвонить