КМУ менен «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси кызматташат
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү. Келишимге И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Алтынай Жумабекова кол койду.
Бул келишимдин максаты: студенттер арасында бизнес-өнөктөштүктү, инновациялар жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү.
Келишимдин алкагында университетте “Enactus” студенттик командасы иштеп, студенттерге ишкердик жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууда практикалык көндүмдөрдү өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Бул кызматташтык студенттердин арасында ишкердик демилгелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууда мүмкүнчүлүктөргө шарт түзөт.