Blog Image

КМУ менен GIZ «Жеке сектордо жашыл экономиканы өнүктүрүү» долбоорунун алкагында биргеликте тренингдерди өткөрүүдө

И.Арабаев атындагы КМУ GIZ менен биргеликте GIZдин «Жеке сектордо жашыл экономиканы өнүктүрүү» долбоорунун алкагында окууларды өткөрүүдө. Биздин университет бул долбоор менен акыркы эки жылдан бери кызматташып келет жана бул аралыкта GOPA AFCнын эксперттери менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарынан келген ЖОЖдордун окутуучулары үчүн бир нече тренингдер өттү.

2023-жылдан бери бизде “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” борбору бар. Биздин университеттин окутуучулары бул курсту интеграциялоодо жана Табигый илимдер жана туризм институту 2024-2025-окуу жылдын башынан дисциплина киргизилет жана бардык студенттер жашыл экономиканын маанилүүлүгүн түшүнүшөт.

Бул биздин элибиздин жыргалчылыгы үчүн жасалган абдан маанилүү кадам.

Бүгүнкү күндө бизде ар кандай эл аралык уюмдардан жана компаниялардан 30 өкүл бар, анын ичинде GIZ, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Хельветас, «Өнөктөш» агрокредиттик компаниясы, Агролиддер жана CAMP Alatoo ар кандай долбоорлорунун эксперттери.