КМУ менен КЭУ кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Бүгүн, 6-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты Максатбек Койчуманов М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор м.а. Гүлназ Супаева менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде 15 студент жана 2-3 жаш окутуучуну академиялык мобилдүүлүк аркылуу алмашуу, биргелешкен экономикалык иш-чараларды өткөрүү жана эл аралык долбоорлорго катышуу сыяктуу багыттар талкууланды.
Бул сүйлөшүү эки жогорку окуу жайдын ортосунда билим берүү, илим жана тажрыйба алмашуу тармагындагы байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.