КМУ менен Кыргыз улуттук «Манас» театры кызматташат
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков менен жолугушту.
Жолугушууга КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, Манас таануу кафедрасынын башчысы Талант Рысбаев жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков эки тартаптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
Келишимдин негизинде төмөнкү иштер аткарылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгармачылык эркиндигине, маданий жашоого катышуусуна жана аткаруучулук чеберчиликке бирдей жетүүсүнө конституциялык укугун камсыздоо үчүн эки тараптуу кызматташтыкты уюштурууга жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жана программаларды түзүү жана ишке ашыруу;
- “Манас” эпосуна байланыштуу иш чараларды биргелешип өткөрүү;
- Алдыдагы 12 жылдык билим берүү программасы кабыл алына турган шартта, кыргыз элинин руханий маданиятынын өзгөчөлүгүн сактоо үчүн заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен маданий иш-чараларды көрсөтүүгө багытталган иш-чараларды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Манас таануу багытындагы кадрларды даярдоодо жана иш орундары менен камсыздоододо ар тараптан колдоо жана көмөктөшүү;
- КМУнун окуу графигине ылайык Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери практикадан өтүп турууга;
- Тажрыйба алмашуу максатында иш-чараларды, жолугушууларды, фестивалдарды, форумдарды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, мастер-класстарды, тегерек столдорду, семинарларды, сынактарды, уюштуруу жана өткөрүү;
- Интернетте маалыматтык ресурстарды түзүү жана колдоо.