КМУ менен Япониялык компаниянын ортосунда кызматташтык келишими талкууланды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Япония мамлекетинин Issunbou Co., LtD компаниясынын негиздөөчүсү Тет сумаса Камиями, Issunbou Co., LtD структуралык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчиси Танака Киничи, объектерди долборлоо жана дизайн боюнча менеджери Амано Казухида менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын негизинде 3D моделдөө жана архитектура боюнча, студенттерди өндүрүштүк практикага кабыл алуу жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды.