Blog Image

КМУ менен Япониянын бир катар компаниялары кызматташат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониянын бир катар алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров,экинчи тараптан IM компаниясынын өкүлдөрү Канамори Хитоси, Ивацу Ёдзиро, Сиракава Сакура, Токуда Киёси, Химавари Когё компаниясынын өкүлдөрү Мацусита Эми, Кавати Саяка, жеке ишкер Мията Садао, Окамото Сэйсакусё компаниясынын өкүлү Окамото Ясухиро, социалдык мекеменин өкүлү Мияра Михо жана Суйкэн компаниясынын өкүлү Оцука Сёдзиро катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерди Япониядагы ишканаларда өндүрүштүк практикадан өткөрүү жана окууну аяктагандан кийин жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

Бул кызматташтык студенттердин япон тилин үйрөнүү деңгээлин жогорулатууга, кесиптик даярдыгын бекемдөөгө жана эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун негизги максаты: студенттерге эл аралык деңгээлде кесиптик тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана Японияда ишке орношууга жол ачуу.