КМУ мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө
Бүгүн, 7-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Мугалимдер күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Административдик – чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева мугалимдерди куттуктап, билим берүүгө кошкон салымы үчүн мугалимдерге Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарын тапшырды. КМУнун ректору Айгул Абдраева мугалимдик кесиптин орду өзгөчө экенин баса белгилеп, агартуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди жана окуу процессиндеги жаңы жетишкендиктерди каалады.
Мугалимдердин эмгеги жана тарбиялык иштерине арналган видеоролик көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолгон маданий бөлүктө болсо, белгилүү артисттер жана студенттер тарабынан даярдалган музыкалык номерлер көрүүчүлөргө тартууланууда.