Blog Image

КМУ мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү

Бүгүн, 7-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Мугалимдер күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Административдик – чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

КМУнун ректору Айгул Абдраева мугалимдик кесиптин орду өзгөчө экенин баса белгилеп, агартуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди жана окуу процессиндеги жаңы жетишкендиктерди каалады.

Мугалимдердин эмгеги жана тарбиялык иштерине арналган видеоролик көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолгон маданий бөлүктө белгилүү артисттер жана студенттер тарабынан даярдалган музыкалык номерлер тартууланды. Ошондой эле, режиссер Арнис Кыдырмышев койгон “Эр-Төштүк” спектакли көрсөтүлдү.

Бул салтанаттуу иш-чара мугалимдердин коомдогу ролунун абдан маанилүү экендигин тастыктайт.