КМУ ректору А. Абдраева Япониянын Nippon Travel Agency компаниясынын президенти Баба Наока менен жолугушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Япониянын Nippon Travel Agency компаниясынын президенти Баба Наока мырза менен жолугушту.
Жолугушууга КМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Nippon Travel Agency компаниясынын филиалдарынан 13 өкүл катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө КМУнун японтаануу жана туризм институтунун студенттери үчүн япон тили боюнча акысыз курстарды өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, эки тартаптуу кызматташтык маселелери талкууланды.





