КМУ Россия ислам институту менен кызматташат
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканы, Ph.D. доктор Нурбек Шамралиев менен Казань шаарындагы Россия ислам институтунун ректору, профессор Рафик Мухаметшин эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюшту.
Меморандумдун алкагында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана аралыктан билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Бул келишим эки билим берүү мекемесинин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана билим берүү жаатындагы өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт.