Blog Image

КМУ Синьцзян кесиптик-техникалык жеңил өндүрүш институту менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 1-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Синьцзян кесиптик-техникалык жеңил өндүрүш институту онлайн жолугушуу өткөрдү. Онлайн жолугушууга Педагогика жана психология институтунун директору Г.К. Казиева, кафедра башчылары М.М. Эсенгулова, З.Б.Джапарова, Н.Э. Абдраева жана Искусство жана дизайн факультетинин кафедра башчылары жана окутуучулары Н.А.Касыгулова, М.А. Турумбекова, Ж.Н. Сулайманова, Синьцзян кесиптик-техникалык жеңил өндүрүш институтунун ректору Го Цзян жана институттун кызматкерлери катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө академиялык жана изилдөө багыттарында кызматташуу, жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер жана окутуучулар үчүн алмашуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле, келечектеги эл аралык иш-чаралар боюнча маселелер талкууланды.

Конференцияда эки жактуу кызматташтыкты бекемдөө жана инновациялык билим берүү методдорун ишке ашыруу боюнча келишимдер жана сунуштар каралды.