КМУ “Универсиада 2025” мелдешинде 14 байгелүү орунду камсыздады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 18 командасы жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөн республикалык “Универсиада 2025” мелдешинде 14 байгелүү орунду камсыздады.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Ордо (I лига): 1-орун, машыктыруучу Абдимомунов Э.
- Баскетбол (айымдар, I лига): 2-орун, машыктыруучу Кутукеев А.
- Волейбол (мырзалар, жогорку лига): 3-орун, машыктыруучулар Токтокожо уулу А., Абдыйсаев Ж.
- Кыргыз күрөш (жогорку лига): Салыбаев Н. 1-орун, машыктыруучу Канназар уулу Н.
- Дзюдо (мырзалар, жогорку лига): Субанбеков Э. 1-орун, Омурбеков Э. – 3-орун, машыктыруучу Абдыкарим уулу Н.
- Дзюдо (айымдар, жогорку лига): Уланбек кызы Д., Болотбекова К., Молдокулова А. 2-орун, машыктыруучу Абдыкарим уулу Н.
- Бокс (мырзалар, I лига): Камбаралы уулу Д. 2-орун, Сатыбалдиев Б., Абдилакимов А. 3-орун, машыктыруучу Жумабек уулу К.
- Жеңил атлетика (айымдар, I лига): Абасбекова О. 1-орун
- Эстафета жарышы: Абасбекова О., Иманалиева Н., Шадиканова А., Мурадил кызы Г. 3-орун, машыктыруучу Салманова Г.