КМУ волейбол боюнча өткөн достук турниринде чемпион болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мырзалар командасы жогорку окуу жайлар арасында волейбол боюнча өткөн достук турниринде I орунду ээледи.
Турнирге төмөнкү жогорку окуу жайларынын командалары катышты:
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ)
- Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети
- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ)
- Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТжСА)
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ)
Бул иш-чаранын максаты достукту бекемдөө, ден соолукту чыңдоо жана окутуучулардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү.