Blog Image

КМУ Өзбекстандын алдыңкы университеттери менен Самаркандда өткөн II эл аралык ректорлордун форумунда келишим түздү

15-18-июль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева Самарканд шаарында “Жибек жолу” Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинин базасында өткөн Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун II форумуна катышты. Форумга КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору жана проректорлору катышты.

Форумдун катышуучулары эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Бул иш-чаранын алкагында Ишеналы Арабаев атындагы КМУ Өзбекстандын алдыңкы университеттери менен: Эл аралык «Жибек жолу» туризм жана маданий мурас университети, Андижан мамлекеттик педагогикалык университети, Жизак мамлекеттик педагогикалык университети, Фергана мамлекеттик университети, Өзбекстандын мамлекеттик искусство жана маданият институтунун Фергана облустук филиалы, Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети, Ташкент маалыматтык технологиялар университети, Самарканд экономика жана сервис институту, Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту менен келишимге кол коюлду.