Blog Image

КМУ жана АлтМУнун ортосунда тарых боюнча эки дипломдуу магистратура программасы иштелип чыкты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Алтай мамлекеттик университети ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында тарых боюнча эки дипломдуу магистратура программасы иштелип чыкты.

Ал документке КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова жана АлтМУнун Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров кол коюшту.

Бул программа КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун жана АлтМУнун Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун потенциалын бириктирип, интеграциялык процесстерге дагы бир кадам болуп саналат.

Тарых жана тарыхый-маданий мурастарды изилдөө боюнча адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн эске алып, быйыл тарыхчы адистерин даярдоо ишке ашырылат.

Кыргызстанда жана Россияда эки дипломдуу программа боюнча окуу бир катар артыкчылыктарды берет. Анда магистранттар эки өлкөдө акысыз окуу тажрыйбасына ээ болуп, өз көз караштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, эки ЖОЖ көп жылдардан бери бир катар долбоорлордун үстүндө бирге ийгиликтүү иш жүргүзүп келишет.

Алтай мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер институтуна магистратурага документтерди кабыл алуу ү.ж. 18-августуна чейин уланат. Окууга кабыл алуу боюнча бардык суроолор менен Кабыл алуу комиссиясына төмөнкү электрондук почта аркылуу кайрылууга болот: iimo-abit@asu.ru.

Позвонить