КМУ жана IM Japan ири компаниясы ортосунда Кыргызстандык адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду
Бүгүн, 17-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштурууга адистештирилген Япониянын эң ири уюмдарынын бири IM Japan компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева, IM Japan компаниясынын Эл аралык кадрларды өнүктүрүү уюмунун төрагасы Канамори Хитоши, Аткаруучу директору Окано Ёшикадзу жана Өзгөчө долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Хориэ Кэнго катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз адистери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.
IM Japan компаниясы тууралуу кыскача:
• Компания өз ишмердүүлүгү учурунда 71000 чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурган.
• Япония боюнча 20 филиалы бар.
• 250 кызматкерден турган командасы чет өлкөлүк кызматкерлерге толук колдоо көрсөтөт. Келечектеги пландар:
IM Japan компаниясы Кыргызстандын жарандарынын кабыл алуу санын бир кыйла көбөйтүүгө жана аларга Япониядагы татыктуу жумуш орундарын сунуштоого умтулат.
Бул кызматташуу И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик өсүүсүнө чоң өбөлгө түзөт жана университеттин эл аралык байланыштарын чыңдайт.