Blog Image

КМУ жана JICA уюму ортосундагы келишиминин негизинде ЖМТИнин II курсунун студенттери үчүн япон тили окутулууда

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 2-курсунун студенттерине 21-декабрдан бери Жылдыз Буланова япон тили боюнча сабагын өтүүдө. ЖМТИде япон тилин окутуу максаты КМУ жана JICA уюму ортосундагы келишимдин негизинде кызматташтык мамилелерин артыкчылыктуу иш алып баруу жана чыңдоо, келечекте студенттердин Япониянын IT тармагында орун алуусун колдоо шартында өтүүдө. Азыркы күндө JICA уюмунун волонтёру Хирой Кёносуке колдонмо информатика кафедрасында бакалавр студенттерге IT багыты боюнча сабак берүүгө бел байлоодо.