КМУ жана КЭР Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институту ортосунда онлайн конференция өттү
Бүгүн, 4-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы КМУ жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институту ортосунда онлайн конференция өттү.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институтунун ректору Го Цзян мырза катышты.
Онлайн конференцияны Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институтунун ректору Го Цзян мырза ачып, жалпы институт тууралуу кенен маалымат берди.
КМУ тарабынан Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыковдор катышты. Ректор өз сөзүндө университет тууралуу маалымат берип, келерки жылы белгилене турган окуу жайдын 80 жылдык мааракесине Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институтун юбилейдик иш-чарага чакырды.
Конференциянын жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институту менен кызматташууга ачык экендиги айтылды. Кызматташуу үчүн 12 багыт аныкталды, өзгөчө искусство жана дизайн факультети жана педагогика жана психология институту менен бир топ перспективалуу кызматташуу боло тургандыгы такталды. Ошентип, декабрь айында Синьцзян кесиптик-техникалык жеӊил өндүрүш институту И.Арабаев атындагы КМУга келгенде меморандумга кол коюлары сүйлөшүлдү.