КМУ жана РИА Сибирь бөлүмүнүн ИжТМКК кызматташат
Бүгүн, 4-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Илим жана техника боюнча мамлекеттик коомдук китепканасынын ачык илимди изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Редькина менен жолугушту.
Жолугушууга Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Усенгазиева, тарых илимдеринин доктору Гульзада Абдалиева жана Илимий китепкананын директору Нуриля Давлетярова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду.
Меморандум илимий изилдөөлөр, маалымат алмашуу, инновацияларды киргизүү жана билим берүү системасын жакшыртуу багытында кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган. Келишимдин негизинде биргелешкен долбоорлор, семинарлар, тренингдер жана башка илимий иш-чаралар уюштурулуп, окуу процессиндеги инновацияларды жана жаңычылдыкты жайылтууга өбөлгө түзөт.