КМУда 1-курстун студенттеринин арасында факультеттер аралык орус тили жана адабияты боюнча олимпиадасы жыйынтыкталды
Бүгүн, 26-апрель күну, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультетинде 1-курстун студенттеринин арасында орус тили жана адабияты боюнча факультеттер аралык олимпиаданын акыркы туру болуп өттү. Олимпиада А.С.Пушкиндин 225 жылдыгына арналып, үч этап менен өттү.
Жалпысынан 43 студент катышты.
Квалификациялык тур онлайн тест форматында өттү. Квалификациялык турдун жеңүүчүлөрү биринчи турга катышып, анда орус тили жана адабияты боюнча жазуу түрүндөгү тапшырмалар орун алды. Ал эми учунчу турда алар А.С. Пушкиндин ырларын көркөм окуу боюнча өттү.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.