Blog Image

КМУда “12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн проблемалары жана перспективасы” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 4-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Шаршеналы Алиев “12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн проблемалары жана перспективасы” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Шаршеналы Алиев студенттердин жана мугалимдердин суроолоруна жооп берип, билим берүү процесстериндеги маанилүү маселелер жана өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.