Blog Image

КМУда «12 жылдык жалпы орто билим берүү системасы: педагогикалык кадрларды даярдоодо жана реформаларды ишке ашырууда орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин ролу» аталышындагы тегерек стол өз ишин баштады

Бүгүн,15-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «12 жылдык жалпы орто билим берүү системасы: педагогикалык кадрларды даярдоодо жана реформаларды ишке ашырууда орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин ролу» аталышындагы тегерек стол өз ишин баштады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Ош мамлекеттик университенинин ректору Кудайберди Кожобеков, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттин университетинин ректору Мирлан Дылдаев, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков, Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Эрмек Байбагышов, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Үсөновдор катышууда.

Ошондой эле, тегерек столдун ишине билим берүү тармагынын өкүлдөрү, Литвадан келген эл аралык эксперттер, Кыргызстандын педагогикалык жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында жана эл аралык деңгээлде ишке ашырылып жаткан программалар тууралуу презентациялар сунушталып, алардын максаттары, жетишкендиктери жана келечек пландары жөнүндө талкуу жүрүүдө.

Иш-чаранын максаты: студенттерди жана окутуучуларды билим берүү менен инновациянын байланышын түшүнүүгө үндөө жана аларды ар кандай мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу.