Blog Image

КМУда 2 күндүк андрагогика маселелери боюнча илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 9-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасында андрагогиканын өнүгүүсү: шарттар жана чакырыктар” аталышында илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриэла Геллил жана DVV International уюмунун Кыргыз Республикасындагы директору Надежда Романенко, профессор Ишенгүл Болжурова, ошондой эле, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын максаты – өлкөдө чоң кишилерди окутуу жана билим берүү системасынын өнүгүү шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, андрагогиканын актуалдуу маселелерин карап чыгуу.

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова «Заманбап билим берүү: чакырыктар жана коркунучтар», «Чебер: Кыргызстанда жөндөмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун менеджери Акима Орозалиева «Кыргыз Республикасындагы формалдуу эмес билим берүү системасын өнүктүрүү маселеси» аталышында баяндама жасап, кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүүдө формалдуу эмес билим берүүнүн мааниси жана анын таанылышы тууралуу пикирин билдирди.

Конференциянын алкагында бир нече секция иш алып барууда жана алардын ичинде андрагогиканын теориялык жана практикалык аспектилери, жогорку билим берүү мекемелеринин билим берүүдөгү ролу, кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбалар боюнча талкуулар жүрүүдө.