КМУда 23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнүнө карата “Ак илбирс” квести өттү
23-октябрь – Эл аралык Ак илбирс күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУда “Ак илбирс” квести өттү. Квест ак илбирстин жашоосун, экосистемадагы ролун жана коргоо маселелерин изилдөө максатында уюштурулду. Катышуучулар топторго бөлүнүп, тапшырмаларды аткаруу менен белгилүү бир маршрут менен жүрдү. Квестке 5 кишиден турган 3 топ түзүлүп, “Илбирстин биологиясы”, “Илбирстин экологиясы”, “Коргоо чаралары” тапшырмаларын аткарышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун КРдагы филиалынын экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан даярдалган «Илбирс сулуу, аярлуу» темасында эколог Алтын Казакбаева презентация жасады.
Квесттин соңунда катышуучулар өз таасирлерин жана жаңы билгендерин бөлүшүп, илбирс жана анын коргоосуна байланыштуу иш-аракеттер тууралуу талкуулашты.
Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан даярдалган.