Blog Image

КМУда 27-май – Кыргызстандын китепканалар күнү белгиленди

Бүгүн, 27-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУда 27-май Кыргызстандын китепканалар күнү белгиленди.

Университеттин ректору Айгүл Абдраева кесиптик майрамы менен окуу жайдын китепканаларынын кызматкерлерин куттуктады. Өзүнүн сөзүндө, ректор “Китепкана илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн борбору катары өзүнүн зарылчылыгын далилдегенин белгилеп, университеттин китепканаларынын билим алып жаткан студенттерге көп учурда зор жардамын берип жатканын белгиледи”. Учурда окуу жайдын китепканаларында окуу куралдар, усулдук колдонмолор, кызыктуу булактар, улуттук жана дүйнөлүк адабий чыгармалар жылдан жылга көбөйүп турат. Андан сырткары, интерактивдүү камсыздалган Илимий китепкананын базасында интернет булактарынан да баалуу маалыматтарды, адабияттарды алып, таанышып турууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы китепканалардын республиканын билимин, илимин, маданиятын, маалыматын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын жана алардын коомдун турмушундагы ролун мындан ары жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен 27-май Кыргызстандын китепканаларынын күнү деп жарыяланган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 308 токтому).

2009-жылы биринчи жолу 2,5 миңден ашуун китепкана кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешсе, анын 88%ын аялдар түзгөн.

Бул дата 1902-жылдын 27-майында Кыргызстандагы биринчи элдик китепкананын ачылышына туш келет.

Бүгүнкү күндө республикада миңден ашык китепкана бар, алардын кызматынан жыл сайын Кыргызстанда 1 миллиондон ашык окурмандар пайдаланат. Республиканын китепкана фонду 19 миллиондон ашык китепкананы түзөт.