КМУда 4-курстун студенттеринин профессионалдык-профилдик практикасын жыйынтыктоо конференциясы болду
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун 4-курсунун студенттеринин профессионалдык-профилдик практикасын жыйынтыктоо конференциясы өттү. Конференцияга 4-курстун студенттери, мектептерден келген өкүлдөрү, институттун кафедра башчылары катышты. Анда студенттердин жетишкендиктери айтылды. Ошондой эле, жумуш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөрдү кабыл алууга даяр экендигин билдиришти.