КМУда “Япон тилинин 5-деңгээлине өтүү үчүн практикалык сунуштар” аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда “Япон тилинин 5-деңгээлине өтүү үчүн практикалык сунуштар” аталышында иш-чара өттү.
Иш-чара япон жумалагынын алкагында уюштурулуп, ага Японтаануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө япон тилин 5-деңгээлинде үйрөнүүгө байланыштуу практикалык сунуштар жана ыкмалары тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле, япон тилин үйрөнүүдө колдонулуучу ресурстар, сөз байлыгын кеңейтүү жана грамматикалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү боюнча кеңештер берилди.
Иш-чара Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.