КМУда 5 күндүк республикалык тренинг башталды
КМУда 5 күндүк республикалык тренинг башталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 206 буйругун аткаруу максатында, "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 634 токтому менен бекитилген 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү жөнүндө 14-июлда И.Арабаев атындагы КМУнун базасында "Эл аралык ыкмаларга ылайык жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук мастер-тренерлерди даярдоо" аттуу республикалык деңгээлдеги 5 күндүк тренинг башталды.
Өлкөнүн бардык аймактарынан 175 мугалим 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу, ошондой эле 3-9-класстар үчүн англис тили предметтери боюнча жаңы окуу материалдарын колдонуу боюнча окутулат. Окутууну Сингапурдун Marshall Cavendish Education эл аралык билим берүү чечимдерди жеткирүүчү 9 эл аралык машыктыруучулар жүргүзүшөт, алар өздөрүнүн оң тажрыйбаларын бөлүшүшөт.
Окутуу тренингдери И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында өтүүдө. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана университеттин ректору Айгүл Абдраева сөз сүйлөштү.
Тренингдин негизги максаты - STEM тармагында жаңы билим берүү стандарттарын киргизүү, мугалимдерди эл аралык талаптарга ылайык сапаттуу даярдоо үчүн улуттук башкы машыктыруучуларды даярдоо.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан И.Арабаев атындагы КМУнун жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурулду.