Blog Image

КМУда «5Е моделин колдонуп сабак өтүүнүн жолдору» аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын аспиранты, Бишкек шаарындагы №71 жалпы билим берүүчү орто мектебинин биолог мугалими Жакшылык Тойчубеков «5Е моделин колдонуп сабак өтүүнүн жолдору» аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чара табият таануу жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө STEMдик компетенцияларды калыптандыруунун 5 этабы, STEM сабактарын өтүүдө сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жолдору, мектепте биология сабагын өтүүдө 5Е моделин колдонуу жолдору тууралуу маалымат берилди.

Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.