КМУда 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата тир ок атуу боюнча мелдеш өттү
8-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунда 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата тир ок атуу боюнча курам жетекчилери арасында мелдеш өттү. Иш-чаранын максаты ок атуу спортун жайылтуу жана өнүктүрүү жана сергек жашоо образын даңазалоо, ошондой эле, профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Япон таануу институтунун директору А. Самаров, 2-орунду Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору У. Керимов, 3-орунду Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору С. Жумалиев ээледи.
Айымдар арасында 1-орунду Орус филология факультетинин деканы Н. Сегизбаева, 2-орунду М.Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Г. Усенгазиева багындырды. Жеңүүчүлөр диплом жана КМУнун профсоюзу тарабынан даярдалган белектер менен сыйланышты.