КМУда "Аалам мейкиндигиндеги сырлар" аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 11-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Гуманитардык жана табигый математикалык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Асел Сапаралиева жана Сезим Аскар кызы 12-апрель - эл аралык космонавтика күнүнө карата "Аалам мейкиндигиндеги сырлар" аталышында иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө космос заманынын башталышы, астрономия илиминин өнүгүүсү жана анын адамзат үчүн мааниси тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.