КМУда «Ааламга жол салган өчпөс өмүр» аттуу кече өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультети Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Ааламга жол салган өчпөс өмүр» аттуу кечесин даярдап, студенттерге жана окутуучуларга тартуулады.
Кечеге университеттин Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева катышып, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кеченин катышуучуларына ийгилик каалап кетти.
Кеченин программасында Ф-11-22 группасы тарабынан даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң, студенттер Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окушту. Актилек Кенешов жана Назгүл Карасартова «Ильястын махабаты» аттуу ырды аткарып беришти. Ошондой эле Чынгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачыл жолу тууралуу чакан сценка тартууланды.
Автордун «Жамила», «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар», «Делбирим», «Кызыл алма», «Ак-Кеме» чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып тартууланды.
Кеченин ардактуу коноктору Чынгыз Айтматовдун карындашы, КМУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы, физика-математика илимдеринин кандидаты Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарика Жалгасыновалар жаш муундарга окууда ийгиликтерди каалап кетишти.
Кечеге Физика-математика факультетинин деканы, ф. м.и.к., доцент Жеңиш Бексултанов, КМУнун профсоюздар уюмунун төрагасы Назар Догдурбек, физика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, т.и.к, доцент Г.Ч. Токонбекова, Ф-11-22 группасынын куратору, п.и.к., доц.м.а. Н.А.Карасартовалар катышты.