Blog Image

КМУда абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

Бүгүн, 14-июль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды. Биринчи тур 16-июль күнү саат 14:00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

I тур – 14-июль саат 9:00дон - 16-июль саат 14:00го чейин;

II тур – 21-июль саат 9:00дон - 23-июль саат 14:00го чейин;

III тур – 28-июль саат 9:00дон - 30-июль саат 14:00го чейин;

IV тур – 4-август саат 9:00дон - 6-август саат 14:00го чейин;

V тур – 11-август саат 9:00дон - 13-август саат 14:00го чейин.

Позвонить