КМУда Accelerate Prosperity тышкы байланыштар боюнча адиси Б. Маканбаев менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 19-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борборунун "Стартап марафон-3" сынагынын алкагында Accelerate Prosperity тышкы байланыштар боюнча адиси Байтик Маканбаев менен жолугушуу өттү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Байтик Маканбаев Стартап түзүү үчүн маанилүү болгон негизги кадамдар жана акселерациядан максималдуу пайданы кантип алуу керек экендиги тууралуу маалымат берди.