Blog Image

КМУда «Ачык эшиктер» күнү өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер» күнү өттү.

Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө абитуриенттерге институттун багыттары, билим берүү программалары, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, окуудан тышкаркы маданий жана илимий иштер тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.