Blog Image

КМУда “Адамдардын жана жарандардын укуктары” аталышында тегерек стол өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Адамдардын жана жарандардын укуктары” аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө адам жана жаран укуктары боюнча баяндамалар жасалып, балдардын укуктарын коргоо боюнча учурдагы абал жана адам сатууга каршы күрөш маселелери талкууланды.

Ошондой эле, студенттер тарабынан даярдалган видеороликтер жана концерттик программа тартууланды.

Бул иш-чара укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, студенттерге жана педагогдорго адам укуктары тууралуу терең түшүнүк берүү жана жарандардын милдеттерин аткарууга мотивация жаратуу максатын көздөйт. Ошондой эле, коомдук маселелерди чечүүдө инновациялык чечимдерди издөөгө багытталган.

“Адамдардын жана жарандардын укуктары” аталышында тегерек стол Жаны маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.