Blog Image

КМУда"Адамдын эне тили - анын жан тамыры" темада тарбиялык иш чара өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультетинде "Физика жана аны окутуунун технологиясы" кафедрасынын окутуучусу Х. Шаршенова менен биргеликте "Адамдын эне тили - анын жан тамыры" темада тарбиялык иш чара өттү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерди патриоттуулукка, эне тилин сүйүүгө жана аны сактап калууга тарбиялоо болуп саналат. Студенттер адам баласы өз эне тилин гана эмес, башка улуттун тилин сыйлоо керек экендигин сахналаштырып көрсөтүштү.