Blog Image

КМУда Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу кечеси өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттерине 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата Афган согушунун ардагерлери менен жолугушу кечеси өттү. Жолугушуунун максаты студенттерди эл жерди коргоо үчүн патриоттуулукка тарбиялоо жана, мекен сакчыларынын эрдиктерин биле жүрүүгө үйрөтүү. Ошондой эле, согуш жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. Аталган жолугушууну КМунун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары Анархан Турдакунова, Айгул Бакманова жана Назира Осмонова уюштурган. Иш-чарага ага прапоршик Максат Кыдыргычев, бригадир Советбек Низамов жана башка Афган согушунун ардагерлери чакырылган. Алар студенттерге ар бир атуулдун ыйык милдеттери жөнүндө айтып беришти.