Blog Image

КМУда «Ак илбирс ак карлуу тоонун кожоюну, Араб Илбирси Арабия жарым аралынын падышасы» аталышындагы тегерек стол өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө арналган «Ак илбирс ак карлуу тоонун кожоюну, Араб Илбирси Арабия жарым аралынын падышасы» аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Иш-чарага Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, GSLEP секретариатынын жетекчиси Чыңгыз Кочоров, Snow Leopard Trust илимий бөлүмүнүн директору Костуб Шарма, КМУнун проректорлору жана Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кыргызстанда Ак илбирс өзгөчө коргоого алынгандыгын белгилеп, жыл сайын 23-октябрь күнү окуу жайда Ак илбирстин эл аралык күнү белгилене тургандыгын билдирди.

Ошондой эле, КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери «Ак илбирс менен Араб илбирсин салыштыруу» жана «Ак илбирс ак карлуу тоонун кожоюну» аталышында доклад окушту.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 30-декабрында КРнын президенти Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.