КМУда “Ак илбирсти коргоо күнүнө” арналган кереге отурум өтүүдө
23-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ак илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу» аталышында кереге отуруму өттү.
Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, International Snow Leopard Trust Илбирсти Коргоо уюмунун жана “Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)” коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын өкүлдөрү, КМУнун окутуучулары катышты.
Кереге отурум Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.