Blog Image

КМУда “Ак илбирсти коргоо күнүнө” арналган кереге отурум өттү

23-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 30-декабрындагы “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндөгү ” Жарлыгына ылайык, «Ак илбирс – Кыргыз Республикасынын улуттук символу» аталышында мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгаруучу аземге арналган кереге отуруму өттү.

Кереге отурумдун аягында сүрөт сынагынын демөөрчүлөрү – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору жана “Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)" коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы NABU-Кыргызстандын өкүлдөрү сынактын женүүчүлөрүнө дипломдорду, ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырды.

I-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 7-ж классынын окуучусу Жакыпбекова Айдана, II-даражадагы дипломго Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинин 7-г классынын окуучусу Кубанычбекова Дария жана III-даражадагы дипломго профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 6-e классынын окуучусу Бейшекoва Айхан ээ болушту.

Иш-чараны Табигый илимдер жана туризм институту уюштурду.