Blog Image

КМУда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан А.Васильев-Ноев окуусун ийгиликтүү аяктады

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан Айдын Васильев-Ноев окуусун ийгиликтүү аяктады.

Ал Якутск шаарындагы (Саха Республикасы) М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин Тышкы филология жана регион таануу институтунун 2-курсунун студенти. Айдын Васильев-Ноев 2024-жылдын сентябрь айында аталган мобилдүүлүк программасы аркылуу Кыргызстанга келип, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда билим ала баштаган.

Айдын Васильев-Ноев окуу процессинде өзүн боорукер, максаттуу жана жоопкерчиликтүү студент катары көрсөттү. Ал сабактарга тынымсыз катышып, бардык практикалык тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарып, философия сабагына өзгөчө кызыгуусун билдирген.

Айдын Васильев-Ноев өз сөзүндө “И. Арабаев атындагы КМУда билим алуу менен Кыргызстан жана анын эли тууралуу көптөгөн жаңы маалыматтарды билдим. Якут эли менен салыштырып көрсөм, кыргыздар менен бизде абдан көп окшоштуктар бар экенин байкадым. Бул алмашуу программасы аркылуу мага кыргыз элинин тилин жана маданиятын үйрөнүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул менин дүйнөгө болгон көз карашымды кеңейткен жана баалуу тажрыйба тартуулаган маанилүү сапар болду”- деп билдирген.

Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова окуу программасын ийгиликтүү аяктаган Айдын Васильев-Ноевдин ата-энесине ыраазычылык кат тапшырды.