КМУда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан студенттер Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты
Бүгүн, 7-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында чет өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттер Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты.
Экскурсиянын максаты: студенттерге жергиликтүү маданиятты, тарыхты жана архитектуралык мурастарды таанытуу менен алардын дүйнө таанымын кеңейтүү, маданий ар түрдүүлүктү баалоо сезимин өнүктүрүү жана билим берүү процессин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын Бурана тарыхый археологиялык мурастары, тарыхый эстеликтердин маданий жана илимий мааниси тууралуу маалымат алышты.
Иш-чара КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулду.