Blog Image

КМУда АКШнын Кентукки университетинин профессору конок-лекция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлектетик университетининде АКШнын Кентукки университетинин профессору Алан Фраер «Булактардын экологиялык абалын байкоо жана баалоо: Алар айлана-чөйрөдөгү стресстерге кандайча жооп кайтарышат?» аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө булактардын экологиялык абалын системалуу түрдө байкоо жана баалоо аркылуу алардын айлана-чөйрөдөгү стресстерге (мисалы, булгануу, суу агымынын өзгөрүшү, климаттык шарттардын өзгөрүшү) кандай жооп бергендиги түшүндүрүлүп, булактардын абалын мониторингдөө методдору, анализ ыкмалары жана экологиялык өзгөрүүлөргө адаптациялоо механизмдери тууралуу маалымат берилди.