КМУда АКШнын профессору Хэм Исаак баарлашуу клубун өткөрүүдө
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун студенттери үчүн АКШнын профессору, Америка спорт университетинин вице-президенти Хэм Исаак бир айлык баарлашуу клубун баштады.
Бул клубдун негизги максаты – студенттердин англис тилинде эркин сүйлөө жөндөмүн жакшыртуу, глобалдык билим берүү мейкиндигине даярдоо жана эл аралык баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Профессор Хэм Исаак бай тажрыйбасынан бөлүшүү менен студенттерди чет тилинде эркин сүйлөөгө жана ишенимдүү пикир алышууга үйрөтүүдө.
Клубдун сабактары ар шаршемби жана бейшемби күндөрү саат 10:30дан 12:00гө чейин университеттин 5-корпусундагы 404-аудиториясында өткөрүлөт. Бир айлык программа студенттердин тил үйрөнүү процессине терең багытталып, интерактивдүү жана жандуу талкуулар, топтук иш-аракеттер менен коштолуп, студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтөт.
Баарлашуу клуб Педагогика жана психология институтунун студенттеринин эл аралык деңгээлде билим алуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, англис тилинде эркин сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.