Blog Image

КМУда “Акыл ордо” аталышында интеллектуалдык оюн өттү

Бүгүн, 10-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетинде “Акыл ордо” аталышында интеллектуалдык оюн өттү.

Иш-чара Физика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын предметтик жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун Физика-математика факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер арасында акыл-эстин жана логикалык ой жүгүртүүнүн күчүн текшерүү үчүн суроолор жана эсептер берилип, математикалык жана табигый илимдердин негиздери боюнча тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чаранын максаты: студенттердин аналитикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн арттыруу, ошондой эле, алардын так илимдерге болгон кызыгуусун жана логикалык ойлоо жөндөмүн өнүктүрүү.

Иш-чара КМУнун Физика-математика факультетинин физика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.