Blog Image

КМУда “Акыл тирек” аталышында интеллектуалдык оюн өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери арасында “Акыл тирек” аталышындагы интеллектуалдык оюн өттү. Иш-чарага окуу жайдын Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев катышты. Оюндун жүрүшүндө түрдүү суроолор берилип, атаандаштар арасында кызуу талкуулар болду. Окуу жайдын Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Студенттик кеңешинин курамы тарабынан уюштурулган таймаштын жыйынтыгында Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери эң көп упайга ээ болуп, 1-орунду багындырышты.